Хатайга алып келинген жаралуу санында артуу
Хатайга алып келинген жаралуулардын саны 172ге жетти
634912
Премьер – министрликтин басма сөз жана информация боюнча баш директорлугунан алынган маалыматка караганда Халептин батышында түзүлгөн коопсуз аймакка чыгарылгандан кийин Идлибге алып келинген жаралуулардан абалы оор болгондор Түркияга жиберилүүдө.
Эвакуациянын башталышынан кийин Жилвегөзү чек ара капкасында күттүрүлгөн 112 чукул сервис тез жардамдарына алынып шаардагы ооруканаларга жаткырылган жаралуулардын саны 172ге жетти. Келген жаралуулардан 68 кишинин балдар экендиги билдирилди.
Жаралуулардан 14 киши каза тапты.
Жаралуулардан 69 кишинин облустун тышына жиберилгендиги, дарыланып бүткөн 22 кишинин ооруканадан чыккандыгы белгиленди.