Эрдоган Евразия туннелин ачты

Президент Р. Т. Эрдоган түрк калкын бөлүп – жарууга эч кимдин күчү жетпей тургандыгын айтты

634588
Эрдоган Евразия туннелин ачты

 

Президент Р. Т. Эрдоган Евразия туннелинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын эки континентти бири бирине байланыштырган аз кездешкен өлкө экендигин эске салды. Эрдоган : «Мындай аз кездешкен өлкөнүн ошол эле учурда Стамбул шаарынын адамдарыбыз. Бул шаар үчүн чындыгында көптөгөн нерсени берүүгө болот. Ошон үчүн биз бул шаарды жакшы көрөбүз. Евразия туннелинин пайдубалын Азия жагынан түптөдүк, Кудайга миң мертебе шүгүр ачылышын Европа жагында ишке ашыруудабыз. Бул абдан чоң бакыт»,- деди.

Сөзүндө куралдуу кол салууда каза болгон Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карловдун өлүмүнөн кайгылангандыгын билдирген Эрдоган : «Орусия менен карым – катнаштарыбыздын бузулушуна, тебеленишине эч качан уруксат бербейбиз»,- деди. Эрдоган окуя тууралуу кенен түрдө иликтөө жүргүзүлөрүн айтты.

Террорго каршы күрөштүн улантылып жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Эрдоган : «Террордун бизди өз күн тартибинин туткуну кылышына уруксат берген жокпуз, бербейбиз да. Ал үчүн бүгүн бул жерде бул туннелдин ачылышын кечиңдеткен жокпуз. Мунун террорго каршы эң туура жана эң таасирдүү кыймыл болоруна ишенүүдөбүз»,- деди.

Террордун күчүнүн Түркияны  бөлүп – жарууга жетпей тургандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Каалаганча террор жүргүзсөңөр да бул элди бөлүп – жара албайсыңар»,- деди.



Тектеш кабарлар