Чавушоглу Брюселде

Мевлют Чавушоглу бул жыйындан мурда Европа Биримдигинин тышкы карым – катнаштар боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен сүйлөштү

624913
Чавушоглу Брюселде

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу НАТО борбордук штабында мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюселге барды.

АКШда 8 -  ноябрдагы президенттик шайлоодон кийин биринчи жолу жолугушкан союздаштар биримдиктин алдыдагы жылы таштай турган кадамдарын карап чыгат.

Орусияга каршы көрүлө турган коргонуу чаралары жана Жер Ортолук деңизиндеги адам качырууларга карата операциялар да күн тартибинде алдыга чыккан темалар.

Түркия – Европа Биримдиги орток кыймыл планынын ишке киришинен кийин Эгейдеги иретсиз көчтүн  болушуна бөгөт болуу үчүн НАТО кемелери да кызмат кыла баштаган.

Түркия  адам качыргандарга каршы операциялардын максатына жеткендигине көңүл буруп Эгейдеги НАТО миссиясынын соңуна чыгарылышы керектигин жактоодо. Ушунун негизинде НАТО кемелеринин эми Борбордук Жер Ортолук деңизиндеги операцияларда милдеттендирилиши күтүлүүдө.

Мевлют Чавушоглу бул жыйындан мурда Европа Биримдигинин тышкы карым – катнаштар боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен сүйлөштү.

Европа Биримдиги комиссиясынын имаратында өткөн сүйлөшүүдө Европа Биримдиги жана Түркиянын ортосундагы карым – катнаштар менен Сирия башта болуп аймактык темалар каралды.



Тектеш кабарлар