Президент Эрдогандын Пакистан сапары башталды

Президент Эрдоган Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин менен Президенттик сарайында жолукту.

612381
Президент Эрдогандын Пакистан сапары башталды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын эки күндүк расмий Пакистан иш сапары башталды.

Эрдоганды Исламабад Нур Хан аба базасында Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф тосуп алды.

Президент Эрдоган андан соң Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин менен Президенттик сарайында жолукту.

Эрдоган пакистандык кесиптеши менен бетме-бет жолугушуусунан кийин урматына берилген кечки тамагына катышты.

Делегацияда вице-премьер Вейси Кайнак  жана Тугрул Түркеш менен башкы штаб төрагасы Хулуси Акар, айрым министрлер жана ишкерлер орун алууда.

Сапарда Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмүнө (ФЕТӨ/ПДЙ)  таандык мектептердин алмаштырылышы да сүйлөшүлөт.

Пакистан, ФЕТӨгө таандык 23 мектептеги 108 мугалим менен үй-бүлөлөрүнөн 20-ноябрга чейин өлкөнү  таштап кетишин талап кылган.

Президент Эрдоган Пакистандын Улуттук парламенти жана СЕНАТынын орток отурумуна кайрылат.  Экономикалык  карым-катнаштар да  сапардын  алдыңкы темалары болот.

700  миллион  доллар деңгээлиндеги соода көлөмүнүн арттырылышы каралат.

Эки өлкөнүн ишкерлери инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүшөт.

Президент Эрдоган Пакистан сапарынан кийин Өзбекстанга өтөт.



Тектеш кабарлар