Маселе мамлекет маселеси болсо

Кимдин эмне дегени биз үчүн маанилүү эмес

595564
Маселе мамлекет маселеси болсо

Премьер-министр Бинали Йылдырым түрк замбирекчилеринин  Ирактын Башика кыштагында Пешмерге менен чогуу ДЕАШ буталарын аткылап жатканы тууралуу: «Пешмерге ДЕАШка каршы жардам сурады. Биз да ал жердеги замбиректер, танкалар менен колдоо көрсөтүп жатабыз»,-деди.

Партиясынын Афйонкарахисарда өткөрүлгөн 25-Кеңешүү жана баа берүү жыйынынын жабылышында сөз сүйлөгөн премьер-министр Йылдырым, Түркиянын башын ооруткан бардык террордук уюмдарга каршы күрөшүүсүн чечкиндүүлүктөн тайбастан орундатып жатканын белгиледи.

«Маселе мамлекет маселеси болсо, кимдин эмне дегени биз үчүн маанилүү эмес. Бул күрөш каалашса ичкериде, каалашса тышкарыда биздин кызыкчылыктарыбызга каршы болуп жатса, өлкөбүз улутун, мекенин, бөлүнгүс бүтүндүгүн коркунучка салган абалдарга, ар түрдүү террордук кыймылдарга, керек болсо өлкө ичинде керек болсо өлкөнүн тышында эч кимден уруксат же түшүндүрмө албастан күрөшүүсүн улантат»,-деди.

Премьер-министр Йылдырым Баш мыйзам жана Президенттик системага карата иштерин аяктагандарын да айтты.

«Мындан кийинки жасала турчу иш сунушубузду тез арада парламентке тапшыруу»,-деди.



Тектеш кабарлар