Европадагы качкындардын абалы

Түркия кучак ачкан бул кишилерге мекен болду

585484
Европадагы качкындардын абалы

2011 – жылы Сирияда чыккан жарандык согуштан качкан 3 миллиондон ашуун киши Түркияда жаңы турмуш баштады. Кээ бирөөсү билим алып, кээ бирөөсү иштеп жатат.

Түркия кучак ачкан бул кишилерге мекен болду. Нан, суу болду.

Бул кишилерге үмүт берип, жашап калуусуна шарт түздү. Кээ бирөөсүнө жашай турган жер, кээ бирөөсүнө да кесибин улантуусу үчүн иш тармагын, кээ бирөөсүнө мектеп, мүмкүнчүлүгү жокторго болсо эч кандай кызыкчылыкты көздөбөстөн  тамак берди. Беш жылда бул кишилер үчүн 10 миллиард доллар акча жумшалды.

Европа Биримдигинин болсо  убадасы бар эле. Сириялык качкындар үчүн Түркияга эки жолу 3 миллиард евродон бермек.

Ушул күнгө чейин бул акчанын түрк жетекчилерине келген суммасы 455 миллион доллар. Бул жерде Европа Биримдигинин  өзүнө мүчө өлкөлөргө барган качкындарга жардам бергендиктен Түркияга берген убадасын аткара албай жатабы деген ой келет. Мында бул санга көңү буралы : Европа Биримииги менен Түркиянын ортосунда апрель айында кайра кабыл алуу келишими ишке кирди. Европа Биримдиги ошол  күндөн ушул күнгө 798 сириялык качкынды кабыл алды. Бул мезгилде Европа Биримдигине алынуусу үчүн убада кылынган качкын саны болсо 18 миң эле. Картинанын 5 жылдык жарандык согуш мезгилин камтыган бөлүмүн толтуруу сиз окурмандарга калсын.

Андай болсо аз да болсо качкын алган Европа өлкөлөрүндө бул кишилерге кандай мамиле кылынууда? Бул суроону кенен түрдө карап көрөлү:

Германия качкындарды коомго шайкеш келүүлөрү жана немисче үйрөнүү керек деге негиз менен майда – барат иштерге багыттоодо. Бирок бул иштер үчүн качкындарга төлөнө турган акы саатына 0, 80 евро. Федералдык өкмөттүн эмгек министринин айтымына караганда Германияда калууну каалаган качкындар «узун мөөнөттүү жумушсуз» позициясына түшпөшү керек. Кыскасы акы төлөө жана шарттар эмне болсо болсун иштеши керек.

Ашыкча оңчул Германия үчүн альтернатив партиясынын лидери Фрайк Петри качкындар менен бирдикте пайда болгон көп маданияттуу коомдорго «жыйналган көң» катары баа берүүдө. Өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген көчмөндөрдүн атылышын да сунуш кылган оңчул лидердин бул мамилеси да Европада адамзаттыктан эмне түшүнүшөт деген суроону күн тартибине алып келүүдө.

Франциянын Калаис шаары болсо жергиликтүү калк – качкындар араздашуусуна сахна болууда. Шаардын калкы бул жердеги качкындар лагерин «жапайы токой» деп аташат. Кирдүүлүгү менен белгилүү лагерге күн сайын кол салуу болууда. Түндүк бөлүгүнүн февраль айында кулоосу менен жашагандардын саны 10 миңден ашкан «жапайы токойдун» кыш келбестен толугу менен кулай тургандыгы сөз болууда. Ошондуктан Франсуа Олланд  жакындап келе жаткан шайлоонун да таасири менен болсо керек лагерди андан мурун болгондой толугу менен жок кылышарын жарыялады. Ошол эле учурда Англия, Калаистеги качкындар өтпөшү үчүн француз жетекчилер менен келишип, лагердин тегерегине бир дубал тургузууда.

Венгрияга келе турган болсок. Бул өлкө качкындардын атын укканга да  чыдабай жатат. Өлкөдө айдын башында  жүргүзүлгөн «2 жылдын ичинде 1294 качкын алалыбы» деген элдик добуш берүүдө макул эместик билдирилген. Ансыз да Венгриянын премьер – министри Виктор Орбан көптөгөн жылдар качкындарды Европа Биримдигинин коопсуздугу жана келечеги үчүн коркунуч катары көргөндүгүн айтуудан тартынбай жатат. Будапешт башкаруусу качкын агымын токтотуу үчүн Сербия жана Хорватия чек арасына дубал тургузууда.

Австрия болсо качкындарга карата бир саатына 1 евро төлөө менен коомдук кызматтарды аткаруу мажбурдуулугун камтыган мыйзам сунушун даярдап жатат. Ушуга караганда качкындарга коомчулукка ачык аянттардын тазалыгы жана баш калкалоо талабын билдирген качкындарды коштоо сыяктуу милдеттер берилет. Качкындардын кийинки мезгилдерде жарандык коом мекемелеринде иштөөлөрү да күн тартибине келет. Буларды кабыл албаган качкындарга бериле турган социалдык жардамдар токтотулат.

Грек аралдарындагы качкындардын абалы да күн өткөн сайын дагы да начарлап баратат. Бирок бул жерлердеги качкын саны көбөйгөн сайын жергиликтүү калктын каршы чыгуусу күч алууда. Мисалы Лесвос аралында 5 миң 966 качкындын болгонуна карабастан базис 3 миң 500 качкынды бага ала турганчалык күчкө ээ. Кос аралында болсо качкын балдардын лагерлердин тышындагы мектептерде билим алуусу тууралуу түзөтүү жергиликтүү калктын каршы чыгуусуна себеп болууда.



Тектеш кабарлар