Сириянын жеринин бүтүндүгү корголушу керек

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым Египет менен да карым-катнаштарды оңдоону каалагандарын белгилеп кетти.

557128
Сириянын жеринин бүтүндүгү корголушу керек

 

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Сириянын жеринин бүтүндүгү корголушу керектигин айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым: «Сириянын бөлүнбөөсү, жеринин бүтүндүгүнүн сакталышы, кандайдыр бир этникалык текке мүмкүнчүлүк бере турган жаңы түзүлүшкө уруксат берилбөөсү керек»,-деди.

Премьер-министр Йылдырым Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийинки жарыясында: «Иракта да тараптар менен жакын кызматташуудабыз. Бүтүндөй өлкө сөз ээси боло турган абал камсыздалышы үчүн керектүү салымды кошобуз. Орусия жана Израиль менен карым-катнаштарыбыз оңолду. Бирок акыркы убакта Израилдин жарандарга карай кол салууларынын бекитилбей турганын айткыбыз келет. Биздин Израиль менен карым-катнаштарыбыздын оңолушу палестиналыктардын укуктуу доосуна карата турушубузга, алар менен бирге кыймыл кылышыбызга эч качан бөгөт боло албайт, токтото албайт»,-деди.

Өкмөт башчы Йылдырым Египет менен да карым-катнаштарды оңдоону каалагандарын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар