Министрлер кеңешинен мыйзам күчүндөгү токтомдор чыгарылды

Күн тартипте өзгөчө кырдаалдын алкагында даярдалган мыйзам күчүндөгү эки токтом бар эле.

552971
Министрлер кеңешинен мыйзам күчүндөгү токтомдор чыгарылды

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, мамлекетте Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөсү экендиги белгиленгендердин мамлекеттик кызматтардан чыгарыла турганын жана бул кишилердин наамдарын да колдоно албай тургандарын жарыялады.

Куртулмуш 2010-жылдагы Мамлекеттик кызматкер сынагында суроолорду уурдап алып кызматкер болуу укугуна ээ болгондордун да чыгарыла турганын, өз күчү менен өткөндөр болсо мамлекеттик кызматкер катары ишин уланта бере турганын белгилеп кетти.

Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракетинен кийин Министрлер кеңеши, кечээ 3-жолу президент Режеп таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Күн тартипте өзгөчө кырдаалдын алкагында даярдалган мыйзам күчүндөгү эки токтом бар эле.

Нуман Куртулмуш Министрлер кеңеши уланып жатканда басма сөзгө берген маалыматында мыйзам күчүндөгү токтомдордогу тизмелерде орун алган Фетуллахчы террор уюму, параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) мүчөлөрүнүн мамлекеттик кызматтардан кол жууй турганын билдирди.

Бул токтом менен кызматтан чыгарылгандардын наам жана кесип аттарын жана ошондой эле бул жактан келген укуктарынан да пайдалана албай тургандарын белгиледи.

Куртулмуш, бул мыйзамдар Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Жээк коопсуздугу уюму жана Түрк куралдуу күчтөрү баш болгон ар түрдүү мекемелердин курамында кызмат кылгандарды камтыганын айтты.

Ошондой эле экинчи мыйзам күчүндөгү токтомдо жасалган түзөтүүлөр 2010-жылы Мамлекеттик кызматкер сынагына байланыштуу болгонун белгилеген Куртулмуш, 2010-жылы Мамлекеттик кызматкер сынагында суроолорду уурдап алып кызматкер болуу укугуна ээ болгондор белгиленип, Мамлекеттик кызматтардан чыгарыла тургандарын, бирок чындап эле өз күчү менен өткөндөр болсо мамлекеттик кызматкер катары ишин уланта бере турганын түшүндүрдү.

Жогорку окуу жайлар кеңешинин талабы менен 2006-жылдан кийин курулган 41 университеттеги окутуучулардын пенсия жашынын 67ден 72ге көтөрүлгөнүн белгилеген Куртулмуш, эми болсо бул университеттердеги пенсия жашынын 75ке чагырлганын билдирди.

Куртулмуш Мыйзам күчүндөгү токтомдордо түзөтүү жасалып Телекоммуникация байланыш башкармалыгынын жабылып, анын ыйгарым укуктары, жоопкерчиликтери, кызматкерлери жана техникалык бардык мүмкүнчүлүктөрү Маалымат технологиялары жана байланыш мекемесине (БТК) өткөрүлгөнүн белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар