Демократия нөөмөтү өлкөнүн төрт тарабында өткөрүлдү

Демократия нөөмөтүнүн акыркы күнүндө да эл аянттарга чогулду

549895
Демократия нөөмөтү өлкөнүн төрт тарабында өткөрүлдү

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн демократия нөөмөтүнүн акыркы күнүндө да өлкөнүн төрт тарабындагы аянттар элге жык-жыйма толду.

Стамбулдагы Таксим аянтында кечки маалда чогулган миңдеген атуул, аткарылган гимн жана ырларды коштоп турушту.

Түрк желектери менен катар Азербайжан жана Палестинанын желектерин да көтөргөн жарандар: «Адам изиндебиз», «Баатыр күрөшчүлөр», «Тик тур ийилбе» деген жазууларды да көтөрүп чыгышты.

Үскүдардагы Кысыклыда да президент Режеп Тайип Эрдогандын турак жайынын алына чогулган атуулдар, ар кандай ураандардын коштоосунда такбир айтышты.

Ал эми Измирдеги Конак аянтында «демократия нөөмөтүн» уланткан жарандар, күзөттүн акыркы күнүндө да аянтты толтурду.

27 күндөн бери аянтты бош калтырбаган жарандар, колдорундагы түрк желектери менен ураандарды айтып, төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүштү.

Билежикте миңдеген атуул колдорунда түрк желектери менен Республика аянтына чогулду. Алар аянттагы чоң экрандан премьер-министр Бинали Йылдырым менен президент Режеп Тайип Эрдогандын жарандарга кайрылуусун угушту.

Зонгулдак, Хаккари, Кыркларели, Диярбакыр, Элазыг, Батман, Мардин, Сиирт жана Бингөлдө да Фетуллахчы террор уюмунун төңкөрүш аракетине каршылык көрсөткөн атуулдар, «демократия нөөмөтүнүн» акыркы күнүндө аянттарга жык-жыйма толду.



Тектеш кабарлар