Өзгөчө кырдаалдын биринчи мыйзам өкүмүнүн жобосу жарыяланды

Жобо боюнча 35 саламаттык сактоо  мекемеси, 1043 менчик билим берүү мекемеси, 1229 фонд жана коом, 19 профсоюз жана 15 фонд жогорку билим берүү мекемеси жабылды

535638
Өзгөчө кырдаалдын биринчи мыйзам өкүмүнүн жобосу жарыяланды

15  - июль күнү болгон козголоң кыймылынан кийин ишке кирген өзгөчө кырдаалдын биринчи мыйзам өкүмүндөгү  жобо жарыяланды.

Расмий гезитте жарыяланган мыйзам өкүмүндөгү жобо боюнча 35 саламаттык сактоо  мекемеси, 1043 менчик билим берүү мекемеси, 1229 фонд жана коом, 19 профсоюз жана 15 фонд жогорку билим берүү мекемеси жабылды.

Мыйзам өкүмүндөгү жобого караганда  өзгөчө кырдаалдын улантылуусу менен байкоого алуу мөөнөтү шектүү кишини кармоонун ордуна эң жакын сотко жиберүү үчүн мажбур болгон убакыттын тышында кармалган учурдан баштап 30 күндү ашпайт.

Мыйзам өкүмүнүн жобосуна караганда террордук уюмдарга же Улуттук Коопсуздук Кеңеши тарабынан мамлекеттин улуттук коопсуздугуна каршы иш жүргүзгөндүгүнө чечим чыгарылган түзүлүш же группаларга мүчө же булар менен байланышы болгон коомдук кызматкерлер кызматынан чыгарылат жана коомдук мекемеде жумуш менен камсыздалбайт.



Тектеш кабарлар