Өлкөнүн ар тарабында демократия нөөмөтү бар...

ФЕТӨнүн 15-июлдагы төңкөрүш киришүүсүнө каршы атуулдардын демократия нөөмөтү уланууда.

532490
Өлкөнүн ар тарабында демократия нөөмөтү бар...

Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш киришүүсүнө каршы атуулдардын демократия нөөмөтү уланууда.

Стамбулда Таксим жана Эсенлер жарандар чогулган жерлерден бири...

Таксим аянтына желектерин көтөрүп келишкен жарандар ураандарды чакырып төңкөрүш аракетине наалат айтышты.

Таксим аянтынын алдында террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин макети өрттөлдү.

Мурдагы премьер-министр Ахмет Давутоглу бул жерде элге кайрылды.

Давутоглу: «Эгер бул улут эрдик кылып бул аянтка чыкпаганда, бүгүн бул эркиндик атмосферасында жашабайт элек»,-деди.

Эсенлерде да эл төңкөрүш аракетине «Бул жерлер мекен чыккынчысын каалабайт. Бул мекен чыккынчылары бир бирден тазаланышы керек»,-деген сөздөр менен каршылык көрсөттү.

Райондук коопсуздук директорлугунун алдында чогулган атуулдар, желектер жана ураандардын коштоосунда Дөртйол аянтын көздөй жүрүш уюштурду.

Аянттагы демократия нөөмөтү таң аткыча уланды. Бурса, Сакария, Кожаели, Чанаккале, Эдирне, Текирдаг, Ялова жана Кыркларелинде да аянттарга чогулган атуулдар төңкөрүш аракетине наалат айтышты.



Тектеш кабарлар