"Дос мажилиси"

Премьер – министр Ахмет Давутоглу маданият жана өнөр дүйнөсүнүн белгилүү ысымдары менен Стамбулда кечки тамакта жолугушту

458553
"Дос мажилиси"

Премьер – министр Ахмет Давутоглу маданият жана өнөр дүйнөсүнүн белгилүү ысымдары менен Стамбулда кечки тамакта жолугушту. «Дос мажилиси» тамагында музыка, адабият, салттык өнөр, сүрөт, айкел жана театр дүйнөсүнөн жетимишке жакын ысым орун алды.

Тамакта өнөр дүйнөсүнүн күтүүсү жана маселелери менен Түркия күн тартибиндеги темалар каралды.

Премьер – министр Давутоглунун жубайы Саре Давутоглу менен кызы Сефуре Давутоглу да катышкан тамакта маданият жана туризм министри Махир Үнал, экология жана шаарчылык министри Фатма Гүлдемет Сары менен үй – бүлө жана социалдык политикалар министри Сема Рамазаноглу да катышты.

«Дос мажилиси» премьер – министрдин өнөр жана маданият кишилери менен биринчи жолу жолугушуусу болду.



Тектеш кабарлар