Министрлер маалымат беришти

Мехмет Мүеззиноглу Анкарадагы мыкаачылык кол салууда 34 киши каза болгонун жарыялады.

450073
Министрлер маалымат беришти

Cаламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу Анкарадагы мыкаачылык кол салууда 34 киши каза болгонун жарыялады.

Мүеззиноглу 19у оору 125 жаралуунун дарыланышы уланып жатканын айтты.

Чанкая сарайында премьер-министр Ахмет Давутоглу жетектеген коопсуздук жыйыны соңуна чыкты.

Жыйындан кийин Саламаттык сактоо министри менен кошо ички иштер министри Эфкан Ала да маалымат берди.

Министр Ала жарандарды бутага алган террордук кол салууну айыптаганын билдирди.

«Максаттарына жете алышпайт»-деген Ала, бул кол салуулар улуттун умтулуусун жана чечкиндүүлүгүн жое албай турганын айтты.

Мыкаачылык кол салуу тууралуу териштирүүнүн көп жактуу жана кеңири түрдө жүргүзүлүп жатканын белгилеген министр Ала, террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганын баса белгиледи.

«Террор бул өлкөнүн бутуна салынган кишен болуудан жулунуп ташталат»,-деп айткан Эфкан Ала, улуттун бул күрөштүн улана турганын жана жыйынтыктала турганын билишин каалаганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар