Меркель Сирияда учууга тыюу салынган аймакты колдойт

Мекрель согушкан тараптардын Сирияда абадан чаблууларды жасай албай турган аянт түзүлүшүнүн пайдалуу боло турганын баса белгиледи.

433314
Меркель Сирияда учууга тыюу салынган аймакты колдойт

Германиянын канцлери Ангела Меркель Түркиянын Сирияда учууга тыюу салынган аймак куруу чакырыгына оң жооп берди. Ангела Меркель Германиянын бир гезитине берген маегинде, «Сирияда учууга тыюу салынган аймак түзүлүшүн жактаймын»,-деди.

Бүгүнкү коньюктурада согушкан тараптардын абадан чаблууларды жасай албай турган аянт түзүлүшүнүн пайдалуу боло турганын баса белгилеген Меркель, учууга тыюу салынган аймактын жерлеринен ажыраган сириялыктардын абалын бираз жеңилдете турганын айтты.

Меркель аймакта келишимге жетилиши үчүн Асадга каршы чыккандар жана колдоочулары менен сүйлөшүлө турганын жана мунун пайдалуу боло турганын да жарыялады.

2 миллиондон ашуун сириялык баш калкалоочуну тоскон Түркия, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон адамдардын баш калкалай алышы үчүн Сирия чек араларынын ичинде коопсуз аймак түзүлүшү чакырыгын таштады.



Тектеш кабарлар