Сенин шериктешиң ким?

Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирбинин «ПЙДны террор уюму катары аныктабайбыз» деген сөздөрүнө катуу каршылык көрсөттү.

429819
Сенин шериктешиң ким?

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирбинин «ПЙДны террор уюму катары аныктабайбыз» деген сөздөрүнө катуу каршылык көрсөттү.

Чавушоглу: «АКШ туш болгон жаңылыштыкты чоочун көрүүдөбүз»,-деп айтты.

Расмий сапар менен Венгрияга барган Чавушоглу журналисттердин Кирбинин айткандары жөнүндөгү суроосуна жооп иретинде, дос жана шериктеш өлкөлөрдүн террор уюму темасында чечим чыгарышы керектигин белгилеп, «ДЕАШ менен күрөшүүдө жана Сирияда, шериктеш өлкөлөр бизбизби же ал жердеги террор уюмубу?» деген жоопту берди.

АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирби маалымат жыйынында, «Биз, ПЙДны террор уюму катары аныктабайбыз» деген сөздү айтып, Түркия менен бул темада сүйлөшүүсүн уланта тургандарын билдирди. Ал: «Түркия шериктеш , дос жана өнөктөш өлкө»,-деп айтты.

Маалымат жыйынында Кирбиден айрыкча Сирияда ПЙДга берилген куралдардын Түркияга алып кирилгени жөнүндө айтымдар да суралды.

Кирби бул темадагы кабарларды байкап жаткандарын белгилеп, «Биз буларды ырастай турган далил көргөн жокпуз. Күрт согушкерлерге жалгыз гана ок-дары берилди, курал эмес. Ал эми бул теманы кылдат байкап жатабыз. Эгерде бул айтымдарды ырастай турган далил тапсак, керектүү кадамдарды таштайбыз»,-деген ачыктоо жасады.

Бул учурда президент Режеп Таййип Эрдоган да өткөн аптадагы жарыясында, Вашингтон бийлигине үн салып, «Менминби сенин шериктешиң же Кобанидеги террористтерби?»-деген суроо узаткан.



Тектеш кабарлар