Барзанинин Анкара сапары

Анкарага келген Ирак күрт аймактык башкаруусунун башкармасы Месут Барзани тыгыз жолугушууларды өткөрдү

405359
Барзанинин Анкара сапары

Расмий сапар менен кечээ Анкарага келген Ирак күрт аймактык башкаруусунун башкармасы Месут Барзани тыгыз жолугушууларды өткөрдү.
Барзани жолугушууларынын негизинде биринчи болуп Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидан менен жолугушту, андан кийин президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Ахмет Давутоглу тарабынан кабыл алынды. Президент Эрдоган – Барзани жолугушуусу бир саат он минутага созулду.
Президенттик булактардан алынган маалыматтарга караганда; Бештепедеги кабыл алууда террор менен күрөшүүнүн жана бул тууралуу кызматташтыктын маанисине көңүл бурулду. Жолугушууда президент Эрдоган ДЕАШ жана ПКК террордук уюму менен күрөшүүдө Түркиянын чечкиндүүлүгүнө басым жасалды. Тараптар айрыкча Ирактын тынчтыгы үчүн сектанттык кагылышууну көкүтүүчү кыймылдардан алыс турулуусу керектигине көңүл бурулду.
Премьер – министр Давутоглу да Ирак күрт аймактык башкаруусунун башкармасы Месут Барзанинин Анкара сапарынын талаш – тартыштар болгон мезгилде ишке ашуусу абдан маанилүү деп баа берилди. Давутоглу сапарды баары үчүн маанилүү деп белгиледи. Жолугушуудан мурда кыскача баа берген Давутоглу Ирак күрт аймагынын ырааттуулугуна маани беришкендерин айтты.
Давутоглу Түркиянын Иракка аскер жиберүүсүнүн бул аймактын ырааттуулугуна караштуу экенин, ДЕАШка коңшу болууну каалабаганын белгиледи. Давутоглу түрк аскерлеринин Мусулда Башика лагериндеги машыктыруу тууралуу тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Феридун Синирлиоглунун жана Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидандын Багдатка барарын билдирди. Премьер – министр Давутоглу Синжарда ДЕАШка каршы күрөштө жетишкен ийгиликтен улам Барзанини куттуктап: «Сиздер үчүн маанилүү болгон жагдай биз үчүн да маанилүү. Биздин тагдырыбыз орток тагдыр. Арабызды бөлгөн эмес, бириктирген чек болушу керек. Биз ар дайым сиздердин жаныңыздардабыз»,- деди. Барзани да жылуу тосуп алуудан премьер – министр Давтуоглуна рахмат айтты.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар