Евфраттын батышына эч ким өтпөсүн

Президент Эрдоган Антальянын Эл аралык басма сөз борборунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

414945
Евфраттын батышына эч ким өтпөсүн

Президент Режеп Таййип Эрдоган Евфрат дарыясынын батышына эч ким өтө албай турганын айтты.
Президент Эрдоган, Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине карай даярдыктарды иликтөө үчүн барган Антальянын Эл аралык басма сөз борборунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Эрдоган террор уюму ПККнын Сирия тармагы ПЙДнын Сириядагы кыймылдарына байланыштуу суроого, «Эвфрат дарыясынын батыш жагына эч ким өтө албайт, бул темада абдан чечкиндүү турабыз. Өткөн күндөрдө өтүүгө аракет кылышты, аларга керектүү жооп берилди. Бул темадагы сезимталдыгыбыз мындан кийин башкача түрдө уланат. Муну да керек болсо улутумдун керек болсо бүткүл дүйнөнүн билип коюшу керек»-деп айтты.
Президент Эрдоган Орусиянын Сириядагы абадан операцияларына карай суроого жооп иретинде, «Чөйрөдөгү өлкөлөрдүн да өзгөчө «ДЕАШты атып жатабыз» деп барып жарандарды атышы, ал жердеги Байыр Бужак түркмөндөрүн атышы жагымдуу нерсе эмес. Муну ал өлкөлөргө эскерттик, айттык, айтып да жатабыз»-деди.
Аймактагы «машыктыр-жабды» темасына да токтолгон Эрдоган: «Машыктыр-жабды темасында иштерибиз уланууда. Террордон тазаланган аймак темасында дос өлкөлөр да эми бул сунушка багыт ала башташты. Учууга тыюу салынган аймак темасында, кургактык операциясы темасында жана башка темаларда оң жылыштар бар»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар