Анкарадагы жарылуу поезд станциясын зыянга учуратты

Алгачкы белгилөөлөргө караганда 10 киши каза болгону билдирилди.

390853
Анкарадагы жарылуу поезд станциясын зыянга учуратты

Анкарада поезд станциясына кетүүчү көпүрөнүн астында жарылуу болду.
Анкарадагы Эмек, тынчтык жана демократия митингинин башталыш жери болгон Анкара поезд станциясына жакын жерде, көргөн күбөлөрдүн айтканына караганда удаама-удаа эки жарылуу болду.
Алгачкы белгилөөлөргө караганда 10 киши каза тапканы, көп сандаган жаралуу бар экенинин маалыматы берилди. Аймакка көп сандаган тез жардам унаасы жөнөтүлдү. Жаралуулар Нумуне, Ибн Сина жана чөйрөдөгү ооруканаларга жаткырылды...
Тарыхый поезд станциясы да зыянга учураганы билдирилди. Бомбаны жан кечтилик кол салгыч жардырганы божомолдонууда.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу да окуядан кийин, ички иштер министр Селами Алтынок жана саламаттыкты сактоо министри Мехмет Мүеззиноглунан маалымат алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар