Баш калкалоочулар Эдирнеде

Жүрүшкө чыккан 700гө жакын баш калкалоочу полиция жана жандармериянын баррикадасы менен токтотулду

351701
Баш калкалоочулар Эдирнеде

Эдирне менен Стамбул Эсенлер автовокзалында баш калкалоочулардын күтүүсү улантылууда. Эдирнедеги баш калкалоочулар губернаторлук менен түзүлгөн келишим менен түндү Сарайичиндеги Кыркпынар күрөштөрү өткөрүлгөн аянтта өткөрүштү.
Эдирнедеги сириялык баш калкалоочулар Греция аркылуу Европага барууну каалап жатат. 4 күн мурда Эдирнеге келген жана шаардын борборунда жүрүшкө чыккан 700гө жакын баш калкалоочу полиция жана жандармериянын баррикадасы менен токтотулду. Эдирне губернаторлугу менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдөн кийин баш калкалоочулар менен келишим түзүлдү. Мэр Режеп Гүркан баш калкалоочулар үчүн Сарайичиндеги Кыркпынар күрөштөрү өткөрүлгөн аянтты даярдашкандарын айтты. Бул жерде калууну кабыл алган баш калкалоочулар берилген унаалар менен Сарайичине алып барылды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар