Чет элдик фирмалар
Эки чет элдик фирманын бирөөсү Стамбулда
Түркияда иш алып барган жалпы 43 миң 935 миң эл аралык капиталдуу фирманын жарымынан көбү Стамбулда иш алып барууда. Стамбулдан кийин 4 миң 558 фирма менен Анталья, 2 миң 582 фирма менен Анкара, 2 миң 166 фирма менен Измир келүүдө. Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда 2015 - жылдын май айынын акырынан баштап эл аралык капиталдуу фирма саны өткөн жылдын ошол эле мезгили менен салыштырылганда 11, 8 пайызга өсүп, 39 миң 285тен 43 миң 935ке жеткен. Бул мезгилде Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн биргелешкен демилге саны 19 миң 901ге жогорулады. Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн демилегчилер өнөктөш болгон фирмалардын арасында Германия 6 миң 214 фирма менен биринчи болуп, бул өлкөдөн кийин 2 миң 816 фирма менен Англия, 2 миң 499 фирма менен Нидерландия турат.