Обама Эрдоганга көңүл айтты

Эки лидер Түркия жана АКШ катары террордун ар түрдүүсүнө каршы экендиктерин баса белгилешти.

384002
Обама Эрдоганга көңүл айтты

АКШнын президенти Барак Обама президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу байланышып террордук кол салуулар боюнча көңүл айтты.
Эки лидер Түркия жана АКШ катары террордун ар түрдүүсүнө каршы экендиктерин баса белгилешти.
Телефондогу сүйлөшүүдө ДЕАШка каршы күрөшүүдө учурда уланып жаткан кызматташуунун күчтөндүрүлүшү, Иракта коопсуздук жана ырааттуулукту камсыздоого, Сириядагы кагылышууга саясий чечим табууга карай бирге кыймыл кылуу аракеттерин карап чыгышты.
Суручтагы террор кол салуусун, айрыкча ПКК тарабынан моюнга алынган террордук кол салууларда бир аскер жана эки полиция шейит кылынганын айыптаган президент Обама, шейиттердин үй-бүлөлөрүнө Америка калынын атынан көңүл айтуусун билдирди.
Эки лидер чет өлкөлүк согушкерлердин өтүүлөрүнө бөгөт коюлуусу жана Түркиянын Сирия чек арасында коопсуздуктун камсыздалышына карай кызматташтыкты арттыруу аракеттери да сүйлөшүлдү.
Президент Обама Түркиянын улуттук коопсуздугуна АКШ катары чоң маани бергендерин тастыктады.
Эки лидер сүйлөшүүсүндө аймактык темаларда жакындан иштеше тургандарын айтты.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар