Жон Басс Түркиянын маанисине басым жасады
Тышкы иштер министрлигинин саясий иштер боюнча жооптуу кызматкери өлкөсүнүн НАТО жыйынынын алкагында түрк кесиптештери менен сүйлөшүүнү «сабырсыздык менен» күтүп жатканын айтты.

АКШнын НАТО саммитинде Түркия менен сүйлөшүүлөрдү улантууну «сабырсыздык менен» күтүп жаткандыгы билдирилди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин административдик иштер боюнча кеңешчиси жана саясий иштер боюнча кеңешчинин орун басары Жон Басс келерки айда борбор шаар Вашингтондо боло турган НАТО саммитинен мурда Түркиянын маанисине басым жасады.
Жон Басс Бельгиянын борбор шаары Брюсселден онлайн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Тышкы иштер министрлигинин саясий иштер боюнча жооптуу кызматкери өлкөсүнүн НАТО жыйынынын алкагында түрк кесиптештери менен сүйлөшүүнү «сабырсыздык менен» күтүп жатканын айтты.
Басс : "Кааласа лидерлик деңгээлде болсун, кааласа расмий делегациялардын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөр болсун түрк делегациясы менен альянс аркылуу жамааттык коопсуздугубузга таасирин тийгизген түрдүү темалар менен бирге бир нече башка коопчуздук маселелер тууралуу да сүйлөшүүлөрүбүздү улантууну сабырсыздык менен күтүп жатабыз",- деди.
Түркия менен коопсуздук темасында «башка аймактарда да тыгыз кызматташтыкта» иштешкендерине токтолгон Басс : «Түркия көп жылдардан бери альянстын ичинде жамааттык коопсуздукка маанилүү салым кошкон, ал түгүл көп адамдар айткандай, негизги салым кошкон өлкө болуп саналат»,-деди.
АКШлык дипломат сөзүн төмөнкүчө улантты : "Кааласа Россия Федерациясынан чыксын, кааласа гибриддик коркунучтарбы, кааласа башка аймактардан келген туруксуздуктар болсун, террордук уюмдарынын өзгөчө да ДЕАШтын туруктуу кыйынчылыктарына чечүүчү жол табуу үчүн жакын кызмтаташтык ичинде иштеген өнөктөштөр болсун (Түркия) азыркы күндүн коопсуздук маселелери менен күрөшүүдө АКШ жана башка союздаштардын жакын өнөктөшү болууну улантууда".
НАТОнун Трансатлантика альянсынын 75 жылдык майрамынын алкагында 9 - 11 - июлда Вашингтондо лидерлер деңгээлинде саммиттин өткөрүлүшү пландалууда.