Дүйнө балдары Антальяда...

Фестивалдын алкагында Түркияга 34 өлкөдөн 400гө жакын бала келди.

237025
Дүйнө балдары Антальяда...


ТРТ уюштурган 37-Эл аралык 23-Апрель балдар фестивалы башталды.
Иш-чаранын алкагында Түркияга келген 34 өлкөдөн 400гө жакын баланын биринчи аялдамасы Анталья болду.
Губернатор Муаммер Түркер менен жолуккан балдар өлкөлөрүнөн алып келишкен белектерди тартуулашты.
Чогуу сүрөткө тартылгандан кийин балдар мэриянын имаратына барышты.
Балдардын Анталья программасы «Шаан-шөкөт жүрүшү» менен уланат.
Жөө жүрүштөн кийин конок өлкөлөрдүн стенддери да орун алган «Балдар өлкөсүнүн» ачылышы ишке ашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар