Усаме Нужейфи Анкарада жолугушууларды өткөрдү

Жолугушууда ДЕАШ жана терроризм менен күрөшүү темалары каралды

239033
Усаме Нужейфи Анкарада жолугушууларды өткөрдү

Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер – министри Нечирван Барзанинин өткөн жумадагы сапарынан кийин кечээ да Ирактын вице – президенти Усаме Нужейфи Анкарага келди.
Нужейфи премьер – министр Ахмет Давутоглу менен иш алып баруу тамагында жолугушту. Жолугушууга энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз менен Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Исмаил Хаккы Муса да катышты.
Энергетика боюнча кызматташтык, ДЕАШ жана терроризм менен күрөшүү темалары каралган жолугушууда Ирактын биримдиги менен бүтүндүгү да баса белгиленди. «Ирактын коопсуздугу Түркиянын коопсуздугу, Ирактын ырааттуулугу Түркиянын ырааттуулугу»,- деген көз карашты билдирди. Нужейфини кечинде президент Режеп Таййип Эрдоган кабыл алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар