Анкарада элчилер конференциясы башталды

Жыйналыш, «Жаңы Түркия: тышкы саясатта туруктуулук жана өзгөрүү» сүйлөшүүсүнүн алкагында уюштурулууда.

171407
Анкарада элчилер конференциясы башталды

Элчилердин жетинчи конференциясы тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун жетекчилигинде башталды.
5 күнгө созула турган жыйналыш, «Жаңы Түркия: тышкы саясатта туруктуулук жана өзгөрүү» сүйлөшүүсүнүн алкагында уюштурулууда.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен элчилер эң оболу шейиттер көрүстөнү жана Аныткабирге зыярат кылышты.
Конференциянын ачылыш сөзүн да тышкы иштер мнистри Мевлүт Чавушоглу жасайт.
Конференциянын Анкара бөлүмүндө дипломаттар тышкы саясаттагы күн тартибинде турган маселелерди талкуулашат. Вице-премьер, министрлер жана тийиштүү мекемелердин жогорку жетекчилеринин катышуусунда өтө турган диспуттарда тышкы саясат менен таасирлешүүдө болгон ар түрдүү темалар каралат.
Иш-чараны эл аралык өңүттө күчтөндүрүш үчүн жыл сайын болуп келгендей эле быйылкы конференцияга да чет өлкөлүк коноктор чакырылды.
Ушул алкакта ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова конференциянын биринчи күнүндө элчилерге кайрылат.
Нидерландия, Аргентина жана Нигериянын тышкы иштер министрлери менен Европа Кеңешинин баш катчысы Турбьерн Ягланд жана БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гутересс да программада конок болот.
Программанын алкагында Чанаккале согуштарынын 100 жылдыгынан улам 9-январь жума күнү Чанаккалеге бир күндүк сапар жасалат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар