Эрдогандын шайлоого карай иш-чаралары уланууда

Эрдоган:«Президенттик органы, витрин органы эмес».

121927
Эрдогандын шайлоого карай иш-чаралары уланууда

Премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган саясаттын тышынан президент болушу мүмкүн эместигин айтты.
Президенттикке талапкерлик иш-чаралары жүргүзүлө турган «Шайлоону координациялоо борборунун» ачылышын жасаган премьер-министр, оппозициянын премьер-министр кызматын таштоосу керек деген чакырыктарына да жооп берди.
«Президенттик органы бир витрин органы эмес»-деген Эрдоган: «Президенттик органы саясаттын эң туу чокусу, бирок муну түшүнбөгөндөр, билбегендер болушу мүмкүн. Дүйнөнүн бардык жеринде бул ушундай. Өлкөбүздө да ушул күнгө чейин ушундай болгон, а бирок муну салт түшүнүгү менен жүргүзгөндөр болушу мүмкүн. Буга урматтуу Гүлдү кошуум мүмкүн эмес»,-деп айтты.
Президенттик шайлоолор жакындап калганда премьер-министр Эрдогандын добуш берүү бюллетенинде колдоно турган фотосүрөтү да белгиленди.
Жеке фотосүрөтү добуш бюллетенинде колдонулушу үчүн Жогорку шайлоо кеңешине тапшырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар