Ахмет Давутоглу Сербияда

89037
Ахмет Давутоглу Сербияда

Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Сербияга барды. Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу ар кандай жолугушуларды өткөрүү үчүн Сербиянын борбор шаары Белградга барды. 

Давутоглу жолугушууларынын негизинде Сербиянын президенти Томислав Николич жана премьер - министр Александр Вичич тарабынан кабыл алынат. Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич менен да жолугуша турган  Ахмет Давутоглу бүгүн жолугушууда эки өлкөнүн карым - катнаштарына байланыштуу таштала турган кадамдарды жана Балкандардагы акыркы абалдарга баа берет. 

Давутоглунун айрыкча Сербиядагы бошняктардын өкүлү Демократиялык Кыймыл Биримдигинин Санжак лидери Расим Лияич менен да жолугушуусу күтүлүүдө. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар