Ф -35 учагынын мотор бөлүкчөлөрүн чыгара турган завод Измирде ач

Заводдун ачылуу салтанатына президент Абдуллах Гүл катышты

85881
Ф -35 учагынын мотор бөлүкчөлөрүн чыгара турган завод Измирде ач

Жаңы муун Ф – 35 аскердик учактарынын мотор бөлүкчөлөрүн чыгара турган завод кечээ Измирде президент Абдуллах Гүл да катышкан салтанат менен ачылды. Салтанатка Улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, экономика министр Нихат Зейбекчи, АК партиясынын төрагасынын кеңешчиси Бинали Йылдырым жана бир топ киши катышты. Президент Гүл ачылуу салтанатында Түркиянын жогорку технологияны каалаган авиация секторунда өзүн далилдегенин, комплекстин түрк өнөр жайына ишенимдин да көрсөткүчү экенин айтты. Гүл Түркиянын авиация секторунда кайрадан өндүрүүчү абалына өткөнүн белгиледи.
Улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз да эрте эскертүүчү учак Авакс, А – 400 жүк ташуучу учак жана АТАК тик учары проектилеринин бул жылдын ичинде турмушка ашырылганын эске салды. Йылмаз 2014 – жылдын Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн модернизациясы үчүн башталган проектилердин натыйжасы чыккан жыл болгонун айтты.
Экономика министри Нихет Зейбекчи да чет элдик инвестицияларындагы ылдам өсүүгө көңүлдөрдү бурду. Зейбекчи : «2013 – жылдын акырына чейинки мезгилде түздөн түз чет элдик инвестицияда инвестиция көлөмү 9 эсе өсүп, 136 жарым миллиард долларга жетти»,- деди. Андан кийин завод салтанат менен кызматка ачылды.
Измирдеги заводдо чыгарыла турган Ф 35тердин мотор тетиктери акыркы монтаж үчүн Америкага жиберилет.
Коргонуу өнөр жайынын кеңешчилиги моторлордун «акыркы монтажы» жана «оңдоо» комплекстеринин Түркияда курулушу үчүн Америка фирмасы менен ниет катына кол коюлду.
Келечектин аскердик учагы Ф – 35тин ортоңку бөлүгү да ТАИ тарабынан Түркияда өндүрүлөт жана Ф – 35тер Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн инвентарына да кошулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар