Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер – министр Р. Т. Эрдоган кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

77897
Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер – министрликтен жасалган маалыматта эки тараптуу карым – катнаштар менен Украинада болгон президенттик шайлоо жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алышууларда болгону белгиленди.
Эрдогандын Украинадагы шайлоо жыйынтыктарына сый көрсөтүлүүсү, маселелердин диалог жолу менен чечилүүсүнүн абдан чоң мааниге ээ экенине көңүл бурганы белгиленди. Крым автоном аймагында жашаган Крым татарларынын укуктарынын сакталуусунун Түркия үчүн абдан чоң мааниге ээ экенине көңүлдөрдү бурган премьер – министр Эрдоган Крым татарларынын укуктары менен статустарынын Крым Татар Улуттук Парламентинин да катышуусу менен сүйлөшүүлүсү керектигин баса белгиледи. Эрдоган ушул алкакта Крым татарларынын лидери Мустафа Абдүлжемил Кырымоглуна жасалган тыюу салуунун жоюлушунун жана Крым Татар Улуттук Парламентинин спикери Рефат Чубаров менен сүйлөшүүнүн оң кадам болорун айтканы билдирилди.
Эки лидердин Сирия маселесине да токтолушкандары билдирилген маалыматта Эрдоган Түркиянын Сириядагы адамдардын каза болуусунун соңуна чыгуусун каалаганын, Дамаск режиминин бийликте калуу үчүн радикал террордук уюм менен кызматташтык түзүүсүнөн келип чыккан коркутууларга карата бирдей убакта кыймыл кылынуусу керектигин айткан. Эрдоган жана Путиндин эки өлкөнүн арасындагы кызматташтыктын стратегиялык маанисин баса белгилеп, энергетика тармагындагы биргелешкен проектилер башта болуу менен соода жана экономикалык тармактарда келишилген жагдайлардын турмушка ашырылуусуна абдна чоң маани беришкендери белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар