Басып алынган 4 айыл Азербайжанга берилди

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Мамлекеттик чек араны аныктоо комиссиясынын жыйындарынын алкагында төрт айылдын кайтаруу процесси аяктады.

2143682
Басып алынган 4 айыл Азербайжанга берилди

Армениянын Газах шаарында басып алган төрт айыл Азербайжанга кайтарылды.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Мамлекеттик чек араны аныктоо комиссиясынын жыйындарынын алкагында төрт айылдын кайтаруу процесси аяктады.

Азербайжандын Премьер-министрлик кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Чек араны тактоо иштеринин жыйынтыгында узундугу 12 чакырым 7 метр болгон чек ара сызыгы аныкталып, басып алынган төрт айыл Азербайжанга кайтарылды», - деп айтылды.

Мамлекеттик чек араны аныктоо комиссиясынын 8-жыйынынан кийин 19-апрелде протоколго кол коюлуп, айыл тургундарын кайтаруу процесси башталган.



Тектеш кабарлар