Чолпон-Атада Бизнесс форум өтөт

Түрк Мамлекеттер Уюму, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Түркия Соода-өнөр жай палаталары жана биржалары биримдиги менен биргелешип Чолпон-Атада Түрк дүйнөсү- Кыргызстан бизнес жана инвестиция форумун өткөрөт.

2153204
Чолпон-Атада Бизнесс форум өтөт
Çolpon Ata 1.jpg

Түрк Мамлекеттер Уюму, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Түркия Соода-өнөр жай палаталары жана биржалары биримдиги менен кызматташтыкта 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында Түрк дүйнөсү- Кыргызстан бизнес жана инвестиция форумун өткөрөт.

Толук маалымат үчүн Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигинин башкы катчылыгына кайрылыңыздар.

Координатор Адем Кула;   turkcci@tobb.org.tr 

Чолпон-Ата шаары

Чолпон-Ата — Ысык-Көл облусундагы курорттук шаар. Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км жана Балыкчы шаарынан 75 км алыстыкта турат..

Калкынын саны боюнча Ысык-Көл өрөөнүндөгү шаарлардын үчүнчүсү.

Шаардын жалпы аянты 1731 га, айыл чарбачылыгы 598,1 га. Чолпон-Атанын калкынын саны 1976-жылы 3,4 миң, 1981-жылы 4,5, миң, 1990-жылы 5,6 миң, 2004-жылы 6,0 миң адам жашаган. 2021-жылдагы эл каттоо боюнча Чолпон-Атанын калкынын саны 14237 адам деп белгиленген. Калкы көп улуттуу: калктын негизги бөлүгүн 88,2% кыргыздар жана орустар, 3,2% украиндер, 2,3% татарлар, 1,2% казактар, 1,0 % өзбек, уйгур, тажик жана дунгандар ээлейт.

 



Тектеш кабарлар