Өзбекстанда ТМУга мүчө өлкөлөрдүн басма сөз кеңешчилеринин семинары башталды

Семинарга ТМУга мүчө өлкөлөрдүн басма сөз жана информация мекемелеринин жетекчилери менен министрлик жана  мамлекет мекемелеринин басма сөз кеңешчилери жана медиа өкүлдөрү катышууда.

2153150
Өзбекстанда ТМУга мүчө өлкөлөрдүн басма сөз  кеңешчилеринин семинары башталды

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте Түрк Мамлекеттери Уюму ТМУга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтеринин жана мамлекеттик мекемелеринин басма сөз кеңешчилери менен  медиа өкүлдөрү да катышкан «Басма сөз кеңешчилери  2024 : Улуттук жана эл аралык тажрыйбасы» деген темада семинар башталды.

Семинарга ТМУга мүчө өлкөлөрдүн басма сөз жана информация мекемелеринин жетекчилери менен министрлик жана  мамлекет мекемелеринин басма сөз кеңешчилери жана медиа өкүлдөрү катышууда.  

Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн Өзбекстандын маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин төрагасы Асад Ходжаев тили, дини жана үрп-адаттары менен тыгыз байланышта болгон түрк элдеринин ар түрдүү темаларда кызматташуусунун маанилүү экенин айтты.

Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар да маалымат жана медианын дүйнөдөгү ролу дагы да маанилүү экендигин белгилеп,  тармагында ТДТ мүчөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.

Бекар Түрк дүйнөсүндө коомдуке дипломатиянын колдонулушу, жалган маалымат менен күрөшүү, медиа эксперттери үчүн алмашуу программалары менен окуу курстарынын уюштурулушу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары экенине басым жасады.

Элчи Бекар жалган маалымат менен биргелеше күрөшүүдө медиа адистери үчүн кызматташтыкты бекемдей турган билим берүү жана алмашуу программалары чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар