Азербайжан Францияны эскертти

Азербайжандын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө Азербайжандын эскертүүлөрүнө карабастан Арменияга өлтүрүүчү чабуул куралдарынын берилиши Франциянын Түштүк Кавказдагы чагымчыл аракеттеринин далили экендиги белгиленди.

2154005
Азербайжан Францияны эскертти

Азербайжан Франциянын Арменияга Цезарь артиллериялык системасын сатуусуна каршылык көрсөттү.

Азербайжандын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө Азербайжандын эскертүүлөрүнө карабастан Арменияга өлтүрүүчү чабуул куралдарынын берилиши Франциянын Түштүк Кавказдагы чагымчыл аракеттеринин далили экендиги белгиленди.

Франциянын Коргоо министрлигинин  2023 -  жылы Арменияга бир гана коргонуу максатында  курал берилери айтылганына карабастан өлтүрүүчү куралдарды бергендиги эске салынган билдирүүдө бул абалдын Франция башкаруусунун "эки жүздүүлүгүнүн  башка бир көрүнүшү" экендиги айтылды. 

Билдирүүдө : "Түштүк Кавказияда милитаризация жана геосаясий интрига саясатын жүргүзгөн (Франциянын президенти Эммануэль) Макрон режими Армения менен Азербайжандын ортосундагы нормалдашууга жана аймакта туруктуу тынчтыктын орношуна тоскоол болууда»,-деп айтылды. 

Армениянын баскынчы мамлекет экени белгиленген билдирүүдө: «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү Франциянын кандуу кол салууларда тажрыйбасы болгон Арменияны кайрадан куралдандыруу жана Ереван администрациясынын кекчил саясатын колдоо саясий жоопкерчиликсиздик жана жаны бир согушка жол ачууда»,- деп айтылды.

Франциянын колониячыл саясаты эске салынган билдирүүдө Жаңы Каледония жана башка деңиз жээгиндеги француз аймактарындагы нааразычылыктардын куралдын күчү менен бастырылышынын "Макрон режиминин" чыныгы жүзүн ортого салгандыгы белгиленди. 

Франциянын Азербайжанга каршы кара пропаганда жана жалган маалымат кампаниясын жүргүзүп жатканы белгиленип :  «Түштүк Кавказдагы кырдаалдын курчушу жана жаңы согуш булагынын жаралышынын  жоопкерчилиги кекчил саясат жүргүзгөн   Ереван администрациясы менен Макрондун диктаторлугуна  таандык болот",- деп айтылды.

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну менен армян кесиптеши Сурен Папикян Арменияга Цезарь артиллериялык системасын сатуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Цезарь артиллериялык системалары француз коргонуу өнөр жайы Nexter компаниясы тарабынан чыгарылууда.

 

 



Тектеш кабарлар