Кыргызстан "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун кабыл алды

Парламенттин жалпы жыйынында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоор каралды.

2154202
Кыргызстан  "Кытай  -  Кыргызстан -  Өзбекстан" темир жол долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин жетекчилигинде өткөн 90 орундуу парламенттин жалпы жыйынында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев : "Мыйзам долбоору Кытай  - Кыргызстан  -  Өзбекстан  темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. Кытай  - Кыргызстан  -  Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Түштүк Чыгыш, Батыз Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн базарына жетишине мүмкүнчүлүк түзөт. Бул багыт товарлардын Кытайдан Кыргызстанга, өзгөчө Түркия да болгон Орто Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана Европа Биримдигине жеткирилишин камсыздайт",- деди. 

Депутат Гуля Кожокулова Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошо турган мыйзам долбоорун колдошкондорун айтты. 

Сүйлөшүүлөрдөн кийин 6 -  июнда Кытайдын борбор шаары Пекинде Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган Кытай  - Кыргызстан  - Өзбекстан темир жол долбоору келишимине байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынды. 

Орто Азияда кылымдын долбоору катары каралган жана Кытай менен Орто Азияны Европага байланыштыра турган долбоордун бул жылдын акырында баштала тургандыгы жарыяланган. 

 



Тектеш кабарлар