Жапаров Ротшильддердин өлкөдөгү уранды иштетүүгө тиешеси бар деген айыптоолорду четке какты

Президент Садыр Жапаров бул айыптоолорго  беш мүнөттүк видеосунда толугу менен жалган деп баа берди.

2143447
Жапаров Ротшильддердин өлкөдөгү уранды иштетүүгө тиешеси бар деген айыптоолорду четке какты

Кыргызстандын  президентинин басма сөз катчысы президент Садыр Жапаровдун видео билдирүүсүн жарыялады. Жапаров билдирүүсүндө  Ротшильддердин Ысык - Көлдө  уранды иштетүү планына тиешеси бар деген кутум теориясын четке какты.

Казакстандык блогер Анастасия Ахметова буга чейин жарыялаган видеосунда Евразия Анализ Клубунун президенти жана саясат таануучу Никита Мендковичтен алган маалыматка таянып, Кыргызстанда уран иштетүү укугун алгысы келгендердин  Ротшильддердин француз кланы экендигин, бул темага өзгөчө Британиянын тышкы иштер министрлиги жана Министрлер Кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров жана орун басары Эдил Байсалов да катышкан. 

Президент Садыр Жапаров бул айыптоолорго  беш мүнөттүк видеосунда толугу менен жалган деп баа берди.  Өлкөнүн туруктуулугун бузууну каалаган   тышкы күчтөргө токтолгон Жапаров коомчулукту «тышкы душман» деп атаган бул адамдарга ишенбөөгө чакырды.

Жапаровдун айтымында келечектеги ыктымалдуу уранды иштетүү иштеринде  урандын үлүшү — 0,17 гана пайыз болот, негизги материал титаномагнетит болуп саналат. Жапаров : "Титаномагнетитти чыгара турган болсок уран да тазаланган болот. Бул бизге  урандан тазалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Ал жерде  мелиорация иштери жүргүзүлөт. Уран иштетүү иштери болбойт. Мен муну мурда да айткам, азыр дагы айтам".- деди.  

Президент : "Өлкөдө экономикабызга пайда алып келе турган долбоорлор башталары менен капыстан чет элдик чет элдик күчтөр пайда болот", - деди. Мисал катары 2019 - жылы Ат - Башыда болгон окуяны келтирди. Жапаровдун айтымында, инвесторлор ал жерге 280 миллион доллар инвестиция менен логистикалык борбор түзүүнү пландаган, бирок Ахметовага окшогондор жергиликтүү элди адаштырып, долбоорго каршы чыгышкан. Жапаров андан кийин аймак тургундарынын борбордун курулбагандыгына бушайман болгондугун белгиледи. 

«Азыр да ошол эле нерсе болуп жатат. Ушундан улам, урматтуу мекендештерим, ак менен караны, досту душмандан ажырата билүүңүздөрдү суранам. Азыркы учурда интернеттеги ар бир маалыматты текшериш керек. Тышкы душмандардын сөзүнө ишенбеңиздер, сиздерди алдоосуна уруксат бербеңиздер. Эч кимдин ички иштерибизге кийлигишүүсүнө уруксат бербешибиз керек",- деди Жапаров. 

 



Тектеш кабарлар