Нуман Куртулмуш Өзбекстанда жолугушууларды өткөрүүдө

Түркия менен Өзбекстандын «мыкты» деп сыпаттоого боло турган карым-катнаштары бар экенин белгилеген Куртулмуш, эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү максатын ишке ашыруунун да мүмкүн экенин айтты.

2143000
Нуман Куртулмуш Өзбекстанда жолугушууларды өткөрүүдө

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш расмий иш сапары менен барган Ташкентте Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжан Исмаилов менен жолугушту.

Нуман Куртулмуш жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жетекчилигинде реформа процессинин түзүлгөнүн, муну жогору баалашкандарын жана бул процесстин аягында илим, искусство, адабият жана маданиятта зор ийгиликке жетише тургандарына ишенгендерин билдирди.

Түркия менен Өзбекстандын «мыкты» деп сыпаттоого боло турган карым-катнаштары бар экенин белгилеген Куртулмуш, эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү максатын ишке ашыруунун да мүмкүн экенин айтты.

Борбор Азиядан Анадолу жана Балкандарга чейин созулган географияда Түрк дүйнөсү катары карым-катнаштарды, достукту жана бир туугандыкты чыңдоо зарылдыгына басым жасаган Куртулмуш, мунун дүйнө тынчтыгын камсыз кылуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болоруна көңүлдөрдү бурду.

Түркия менен Өзбекстандын тыгыз кызматташтыкты арттыруу менен Түрк дүйнөсүнүн өнүгүшүнө салым кошо турганын маалымдаган Куртулмуш, өкмөттөр ортосундагы карым-катнаштарды күчтөндүрүү үчүн парламенттер аралык кызматташтыкты да баалашкандарын айтты.

Көп тараптуу карым-катнаштарда орток кыймылдын маанисине көңүл бурган Куртулмуш, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу мамлекет статусу менен кириши үчүн Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин колдоосун күткөндөрүн билдирди.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Исмаилов болсо Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыктын жылдан жылга ар тармакта бекемделип жатканына кубанычта экендиктерин белгилеп, карым-катнаштардын өнүгүшүндө парламенттердин кызматташтыгын жогору баалагандарын айтты.  

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш сапарынын алкагында Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен да жолугушту.

Куртулмуш менен Нарбаева эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда кызматташуу протоколун даярдоо боюнча макулдашууга жетишти.

 



Тектеш кабарлар