Азербайжан - Армения чек арасында ок атылды

Азербайжандын коргоо министрлиги Армения армиясына караштуу бөлүктөрдүн Нахчыван автоном республикасындагы Азербайжан позицияларына ок аткандыгын жарыялады.

2152981
Азербайжан  - Армения чек арасында ок атылды

Азербайжандын коргоо министрлиги Армения армиясына караштуу бөлүктөрдүн Нахчыван автоном республикасындагы Азербайжан позицияларына ок аткандыгын жарыялады.

Министрликтен берилген маалыматта кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат  10:05 минута өткөндө жана  17:50 минутада Нахчыван автоном республикасынын Шерур облусунун Хавуш, Ордубат облусунун Нүргүт, Шахбуз облусунун Гүней Кышлак айылдарындагы поицияларга Армениянын бөлүктөрүнүн ок аткандыгы билдирилди.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат  19:50 да Бабек облусунун Юкары Бузгов айылы багытындагы позицияларга ок атылгандыгы белгиленген билдирүүдө Азербайжан армиясынын да ок атууга жооп кайтаргандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар