Кыргызстандан Түркиядан барган дарыгерлерге сыйлык...

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен маалымат берилди.

2152296
Кыргызстандан Түркиядан барган дарыгерлерге сыйлык...
Türk Doktorloruna Kırgızistan'dan ödül 1.jpg
Türk Doktorloruna Kırgızistan'dan ödül 2.jpg
Türk Doktorloruna Kırgızistan'dan ödül 3.jpg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбор калаадагы Кыргыз-Түрк Достугу мамлекеттик ооруканасында биринчи жолу жасалган боорду алмаштыруу операциясына катышкан Инөнү университетинин дарыгерлерин сыйлады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Инөнү университетинин "Тургут Өзал" медициналык борборунун боор трансплантациялоо институтунан Бишкекке барып, боор алмаштыруу операциясына катышкан медициналык делегация менен жолугушту.

Бейшеналиев, Боорду трансплантациялоо институтунун директорунун орун басары, Доц. Д-р. Волкан Инжеге, жалпы хирург Доц. D-р. Кемал Барыш Сарыжыга, анестезиолог Д-р. Дуйгу Демирозго, медайымдар Эмине Эрик жана Эже Таштанга Министрликтин "Саламаттыкты сактоонун отличниги" деген төш белгини тапшырды.

Боор трансплантациясында чоң тажрыйбага ээ түрк адистери менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген Бейшеналиев түрк дарыгерлерине ыраазычылык билдирди.

Бейшеналиев операциянын өз өлкөсүнүн медицина тармагында маанилүү кадам экенин жана боор трансплантациясына муктаж бейтаптар үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты.

Министр Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасында бекер жасалган мындай операциялар мындан ары да улана турганын белгиледи.



Тектеш кабарлар