Армения-Азербайжан чек араны аныктоо комиссиялары

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян Армения менен Азербайжандын ортосунда чек араны аныктоо комиссиясынын чек ара аймагында чогулуусу үчүн алдын ала макулдашууга жетишилгенин билдирди.

2068049
Армения-Азербайжан чек араны аныктоо комиссиялары

Армения менен Азербайжандын чек араны аныктоо комиссиялары 30-ноябрда эки өлкөнүн чек ара аймагында жолугушат.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин маалыматына караганда, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян Армения менен Азербайжандын ортосунда чек араны аныктоо комиссиясынын чек ара аймагында чогулуусу үчүн алдын ала макулдашууга жетишилгенин билдирди.

Бадалян: «Алдын ала макулдашууга ылайык, 30-ноябрда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамлекеттик чек араларды аныктоо жана чек ара коопсуздугу боюнча комиссиянын кийинки отуруму болот»,-деди.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Арменияны 21-ноябрда тынчтык келишимине жетишүү үчүн түздөн-түз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.

Министрликтин билдирүүсүндө, Азербайжандын тынчтык келишими долбооруна байланыштуу сунуштарына Армениянын жооп берүү мөөнөтүнүн болжол менен 2,5 айга созулушунун процессти олуттуу түрдө кечеңдеткени айтылган.

Билдирүүдө эки өлкөнүн тынчтык жараянын улантуу, анын ичинде өз ара алгылыктуу жерди тандоо же чек арада жолугушуу өткөрүү чечимин кабыл алуу үчүн жооптуу экени айтылып: «Армян тарапты жаңы керексиз кечиктирүүлөргө жол бербөөгө чакырабыз жана сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк баштоо үчүн бул чакырыкка оң жооп берерин үмүт кылабыз» деп маалымдалган. 



Тектеш кабарлар