Эрсин Татар Азербайжандын борбор шаары Бакуда

Татар жолугушууларынын акыркы күнүндө Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондуна барып, фонддун төрагасы Гүнай Эфендиевадан маалымат алды.

2051657
Эрсин Татар Азербайжандын борбор шаары Бакуда

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Азербайжандын борбор шаары Бакудагы Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондуна барды.

Татар жолугушууларынын акыркы күнүндө Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондуна барып, фонддун төрагасы Гүнай Эфендиевадан маалымат алды.

Боордош өлкө Азербайжанда жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгилеген Татар Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Азербайжанды «бир улут, үч мамлекет» катары эсептегендерин жана башка Түрк мамлекеттери менен да көбүрөөк тилектештикте болууну каалагандарын билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын улуу Түрк улутунун бир бөлүгү экенине басым жасаган Татар, Түрк мамлекеттери менен улуттук максаттардын бирдей экенин айтты.

Эфендиева да Түрк мамлекеттер уюмуна (TDT) мүчө өлкөлөр менен абдан жакшы кызматташтыкта ​​болгондорун жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен да жакшы кызматташтыкты түзө тургандарын билдирди.

Бир тилде сүйлөшкөндөрүн жана бир тамырга ээ экенин белгилеген Эфендиева, орток генетикалык коддун иш жүзүндө да көрсөтүлүшү керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар