Татар өлкөсүнүн дүйнөдө кабыл алына баштаганын айтты

Татар менен Октай жолугушуунун алдында басма сөзгө маалымат беришти.

2043635
Татар өлкөсүнүн дүйнөдө кабыл алына баштаганын айтты

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар өлкөсүнүн бүткүл дүйнөдө кабыл алына баштаганын билдирди.

ТКТР президенти Татар Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Фуат Октай менен комиссия мүчөлөрүн кабыл алды.

Татар менен Октай жолугушуунун алдында басма сөзгө маалымат беришти.

Түркия менен тынымсыз кеңешип жаткандарын баса белгилеген Татар, президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77- жана 78-Башкы ассамблеясында Түндүк Кипр Түрк Республикасын таануу чакырыгынын Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы «жаңы саясаттын» пайдубалын бекемдегенин айтты.

Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түрк мамлекеттер уюмуна (TDT) байкоочу мүчө болгондугуна жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин өлкөсүндө ТКТР желегинин желбирешин улана турганын билдиргенине көңүл буруп, өлкөсүнүн бүткүл дүйнөдө кабыл алына баштаганын маалымдады.

Фуат Октай да Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мамлекет катары таанылышын каалагандарын жана бардык аракеттердин ушул багытта экенин билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын көптөгөн платформаларда байкоочу мүчө катары катышуусунун маанилүү экенин белгилеген Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен карым-катнаштардын дагы да ылдам өнүгүүсүн каалашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар