Губа «Түрк мамлекеттер уюмунун айыл чарба борбору» деп жарыяланды

Министрлер жолугушуудан кийин декларацияга кол коюшуп, басма сөзгө билдирүү жасашты.

2042569
Губа «Түрк мамлекеттер уюмунун айыл чарба борбору» деп жарыяланды

Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) айыл чарба министрлеринин 2-жыйынында өлкөнүн Губа шаары «Түрк мамлекеттер уюмунун айыл чарба борбору» деп жарыяланды.

Азербайжандын айыл чарба министри Мажнун Меммедовдун катышуусунда өткөн жыйынга ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклы, Өзбекстандын айыл чарба министри Азиз Воитов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын айыл чарба жана жаратылыш ресурстары министри Хүсейин Чавуш, Кыргызстандын айыл чарба министринин биринчи орун басары Мурат Раматов жана Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Абилхайыр Тамабек катышты.

Министрлер жолугушуудан кийин декларацияга кол коюшуп, басма сөзгө билдирүү жасашты.

Азербайжандын айыл чарба министри Мамедов: «Азербайжан тарап катары биз мүчө өлкөлөргө Түрк мамлекеттеринин бирдиктүү санариптик айыл чарба маалымат платформасын түзүү, ТМУ бренди аркылуу айыл чарба жана тамак-аш азыктарын биргелешип өндүрүү сыяктуу идеяларыбыз менен сунуштарыбызды бердик жана бул багытта иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча макулдаштык. Ошондой эле ТМУ өлкөлөрүндө айыл чарба борборун ишке ашырууну сунуш кылдык. Ротация менен жыл сайын бир шаар ТМУ айыл чарба борбору деп жарыяланат. Бул жолугушууда Азербайжандын Губа шаарын ТМУнун айыл чарба борбору деп жарыяладык»,-деди.

Министр Юмаклы да пресс-конференциядагы билдирүүсүндө, туруктуу айыл чарба, өзүн-өзү камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну максат кылган темаларды сүйлөшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар