Шуша Ислам дүйнөсүнүн 2024-жылкы маданий борбору болуп тандалды
Маданият министри Адил Керимли Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн Ислам дүйнөсүнүн маданият министрлеринин 12-конференциясына катышып Ислам дүйнөсүнүн маданий борборлору программасына Шушанын талапкерлигин сунуштаганы маалым болду.
2041907
![Шуша Ислам дүйнөсүнүн 2024-жылкы маданий борбору болуп тандалды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cca6/1b27/7ae3/64c325a38b42f.jpg?time=1719033932)
Азербайжандын Маданият министрлиги, Карабактын символдук шаары Шушанын «Ислам дүйнөсүнүн 2024-жылкы маданий борбору» болуп тандалганын жарыялады.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, маданият министри Адил Керимлинин Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн Ислам дүйнөсүнүн маданият министрлеринин 12-конференциясына катышып Ислам билим, илим жана маданият уюмунун (ISESCO) Ислам дүйнөсүнүн маданий борборлору программасына 2024-жыл үчүн Шушанын талапкерлигин сунуштаганы маалым болду.
Билдирүүдө, Керимлинин сунушу жактырылып, Шушанын бир добуштан «Ислам дүйнөсүнүн 2024-жылкы маданий борбору» деп жарыяланганы кабарланды.
Шуша 2023-жылы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган.