Армян күчтөрү Азербайжан позицияларын аткылашты

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Нахчывандагы Азербайжан позицияларына ок атканы айтылды.

2036211
Армян күчтөрү Азербайжан позицияларын аткылашты

Армян күчтөрүнүн Нахчыванда Азербайжан турумдарына ок чыгарганы кабарланды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Нахчывандагы Азербайжан позицияларына ок атканы айтылды.

Билдирүүдө: «12-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.45тен 10.00гө чейин Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Нахчыван автономиялык республикасынын Садарак районунун Садерак конушундагы Азербайжан армиясынын турумдарына бир нече жолу ок атышты»,- деп маалымдалды.

Азербайжан армиясынын кийлигишүү чараларын көргөнү жарыяланды.



Тектеш кабарлар