Азербайжандын Аба күчтөрү машыгуу өткөрүүдө
Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымат берди.
2035774
![Азербайжандын Аба күчтөрү машыгуу өткөрүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e39c/f2ba/9e99/64fef78254c6e.jpg?time=1718698527)
Азербайжандын Аба күчтөрүнө караштуу согуштук учактар машыгуу баштады.
Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, пландалган машыгуунун алкагында согуштук учактардын жапыз жана орто бийиктикте маневр жасоо, душман буталарынын координаталарын аныктоо жана абадан чалгындоо сыяктуу тапшырмаларды аткарганы кабарланды.
Билдирүүдө учкучтардын күжүрмөн чеберчилигин өркүндөтүп, кесипкөйлүгүн жогорулатууга багытталган машыгуунун улана турганы белгиленди.