Азербайжанда жер титиреди

Жер титирөө 52 километр тереңдикте катталды.

2032590
Азербайжанда жер титиреди

Азербайжанда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду.

Азербайжандын сейсмологиялык кызмат борборунун билдирүүсүндө, борбор шаар Бакудан 190 километр чыгышта жайгашкан Күрдемир облусунда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болгондугу кабарланды.

Билдирүүдө 52 километр тереңдикте катталган жер титирөөнүн айланадагы облустарда да сезилгени белгиленди.

Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында болсо жер титирөөгө байланыштуу кыйроолор билдирилген жок.



Тектеш кабарлар