ТКТРнын президенти Татар БУУнун өкүлүн кабыл алды

Эрсин Татар БУУнун Европа, Орто Азия жана Америка боюнча башкы катчысынын орун басары Мирослав Йенчаны кабыл алды.

2030361
ТКТРнын президенти Татар БУУнун өкүлүн кабыл алды
Ersin Tatar-Miroslav Jenca.jpg
ersin tatar.jpg

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Пиле-Йигитлер жолу проектисинин гуманитардык долбоор экенин жана зарылчылыктан улам жаралганын айтты.

Татар ар түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн Кипрге барган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа, Орто Азия жана Америка боюнча башкы катчысынын орун басары Мирослав Йенчаны борбор шаар Левкошадагы Президенттик кеңсесинде кабыл алды.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн басма сөз жыйынында президент Татар Йенчанын сапарынын Пиле-Йигитлер Жолу долбоорунан кийин БУУ менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы кризистик мезгилге туш келгенин эске салып, Йенчага Пиле-Йигитлер жолу долбоорунун гуманитардык долбоор экенин жана зарылчылыктан жаралганын, ошондой эле тургундардын да бул багытта талаптары бар экенин түшүндүргөнүн билдирди.

Йенчага Кипрде эки тарапты бөлүп турган БУУ көзөмөлүндөгү Жашыл сызыктагы румдардын иштери тууралуу маалымат бергендерин белгилеген Татар буларга токтолду: «Түштүк Кипрдин Айя Напа жана Ларнака жолу баш болгон буфердик зонада курган жолдор, университеттин имараты, башка аймактагы соода борборунун курулушу жана 12 чакырымдык зым тосмолорго БУУнун кийлигишпегенин, бизге жеткен акыркы маалыматтарга караганда буфердик аймакка жакын жерде 300 аскерий позиция орнотулганын, БУУнун жакшы ниет миссиясынын ичинде эки тарапка окшош жана бирдей аралыкта жакындашуу миссиясына карабастан, Пиле жолунун башталышы учурундагы БУУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн мамилесинин кабыл алынгыс экендигин Йенчага айттым».

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Пиле жолуна байланыштуу акыркы билдирүүсүнүн туура эмес маалыматтан улам чыкканын жактаган Татар : «Жыйналышта Коопсуздук Кеңешине туура маалымат берүү милдети сизде деп айттым»,-деди.

БУУнун баш катчысынын Кипрге болгон кызыгуусун билдиргенин белгилеген Йенча : «Бүткүл элге пайда алып келе турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан башталышы үчүн келечекте орток бир негиз болот деп үмүттөнөбүз. Дагы жакшысын үмүт кылабыз»,-деп айтты.

Кипрдеги жолугушууларын рум тараптан баштаган Йенча, Кипрдин Рум башкаруусунун лидери Никос Христодулидис менен жолугушту.



Тектеш кабарлар