Кыргызстанда "Мейкин" Азия музыка фестивалы башталды

Фестивалга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Босния-Герцеговина, Орусия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербиядан 18-35 жаштагы таланттуу жаш ырчылар катышууда.

2026844
Кыргызстанда "Мейкин" Азия музыка фестивалы башталды

Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук шаар Чолпон-Атада "Мейкин Азия" III эл аралык музыка фестивалынын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү.

Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов салтанатта сүйлөгөн сөзүндө, фестивалдын эң кадырлуу жана абройлуу музыкалык иш-чаралардын бири болуп калганын айтты.

Максүтов фестивалдын таланттуу жаш ырчылардын чыгармачылык жолуна жана дүйнөлүк атак-даңкына чоң салым кошконун билдирди.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев да фестивалдын биринчиси 2013-жылы өткөнүн эске салып: «Мейкин Азия эл аралык музыка фестивалынын мен үчүн өзгөчө орду бар, анткени ал Түрк дүйнөсүндөгү заманбап музыканын, достуктун, сулуулуктун жана мотивациянын фестивалы»,-деп айтты.

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп жаткан фестиваль Кыргызстандын өкмөтү, Ысык-Көл облусу, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана ТҮРКСОЙдун колдоосу менен өтүүдө.

Фестивалда кыргызстандык солист Актан Исабаевдин төрагалыгындагы калыстар тобунун мүчөлөрүн түркиялык композитор Селим Чалдыран, Түндүк Македониядан Дүйнөлүк фестивалдар ассоциациясынын жетекчиси Марьян Катаровский, Казакстандан мамлекеттик ырчы Бахтияр Тайлакбаев, Өзбекстандан мамлекеттик ырчы Нодир Сидиков, Орусиядан  продюсер Вадим Хусеинов милдеттенди.

Фестивалга Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Босния-Герцеговина, Орусия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербиядан 18-35 жаштагы таланттуу жаш ырчылар катышууда.

Кыргызстанды дүйнөлүк маданият жана туризм тармагына интеграциялоону максат кылган фестивалдын финалы, сыйлык тапшыруу аземи жана гала-концерти бүгүн өтөт.



Тектеш кабарлар