Кожа: "Түркия ден соолук туризминин борборуна айланды"

Министр Кожа Өзбекстанда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйынынан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

2025480
Кожа: "Түркия ден соолук туризминин борборуна айланды"

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркиянын акыркы мезгилде ден соолук туризминде борбор боло баштаганын айтты.

Кожа Өзбекстанда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны жана Түркия-Өзбекстан 2-Саламаттык сактоо бизнес форумунун ачылышынан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

Самаркандда бүгүн башталган форумга активдүү катышуу болуп жатканын белгилеген Кожа: «Ден соолук туризми жана медициналык аппараттар тармагында өндүрүш, ошондой эле дары-дармек менен катар маалыматтык системалар боюнча өз ара кызматташуу форуму өттү»,-деди.

Форумда миңге жакын катышуучунун орун алганын билдирген Кожа, кызматташтыктын кийинки мезгилде да улантылышы үчүн сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлө турганын айтты.

Ден соолук туризминин маанисине токтолгон Кожа: «Түркия акыркы мезгилде ден соолук туризминде борбор боло баштады»,-деди.

Түрк дүйнөсүнүн Тез жардам медициналык куткаруу бөлүмүнүн ишке киргизиле турганын белгилеген министр Кожа, бул боюнча машыгуулардын келерки айда Измирде башталарын айтты.

Кожа саламаттыкты сактоо бизнес форумдарын башка өлкөлөрдө да өткөрө тургандарын, сентябрь айында Англиянын борбор шаары Лондондо форумдун пландаштырылганын маалымдады.

Министр Кожа жолугушууларынын алкагында Саламаттык сактоо бизнес форумуна жана жарманкеге да катышты.

Форумдун алкагында Түркия менен Өзбекстандын саламаттыкты сактоо мекемелеринин ортосунда 10 протоколго кол коюлду.



Тектеш кабарлар