Ооганстанда жер титиреди

Коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстан жана Пакистанда да сезилген жер титирөөнүн 209 чакырым тереңдикте болгону жарыяланды.

2020730
Ооганстанда жер титиреди

Ооганстанда кечээ 5,8 баллдык жер титирөөдөн кийин очогу кайрадан Бадахшан провинциясы болгон 5,3 баллдык жер титирөө катталды.

Коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Тажикстан жана Пакистанда да сезилген жер титирөөнүн 209 чакырым тереңдикте болгону жарыяланды.

Кечээ кечинде да жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:31де күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын очогу Бадахшан провинциясынын Курм районунда болгон.

Жер титирөөлөр Ооганстандын түндүк провинцияларында жана борбор калаа Кабулда сезилгени менен, Талибан администрациясы кыйроолор тууралуу азырынча билдирүү жасай элек.

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Гиндукуш тоолорунда жайгашкан Бадахшанда жер титирөө тез-тез болуп турат.

2022-жылдын июнь айында Пакистан чек арасындагы Пактика провинциясында катталган 5,9 баллдык жер титирөөдө 1200 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар